super.kg logo

Баткенде социалдык тармактарда "экстремисттик чакырык жасаган" деп шектелген жаран кармалды

 

Социалдык желелерде экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүндөргө Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр тараган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында "экстремисттик" деп аныкталган. Бул боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45жаштагы А.О. аттуу жаранын аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Диний экстримизм кайдан келет. Албетте сокур ишенимден пайда болот. Жаштарды диний фанатизмдин торуна салбайлык. Тескерсинче жаштарды маданият, искуство, билим тармагына кобуроок тартыш керек. Азыркы жаштарды тиги дуйно жонундо жомокторго ишендирип, бул жашоону душман катары коргозуп жатышпайбы. Жаштар арасында ашыкча диний идеялогияны жургузгонду токтотуш керек. Бул дуйно керемет, бул дуйнону татыктуу жашаш керек. Биз жашап жаткан дуйно эн сонун. Ошондуктан ушул дуйного гана ишенгиле.
erik3 түзөттү 2020-12-11 15:35:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: