Жалал-Абадда коомдук кеңештин жыйынында Сузак районунда резонанс жараткан кылмыштардын саны өскөндүгү айтылды




Жалал-Абад облусунда бүгүн, 11-декабрда ИИМдин коомдук кеңешинин кезектеги көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган коомдук кеңештин мүчөлөрү, Жалал-Абад ОИИБдин бөлүм жана РИИБ жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жана жарандык активисттер катышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө коомдук алдын-алуу борборлорунун учурдагы абалы, алардын ишмердүүлүгү жана аткарган жумуштарынын натыйжалары, кылмыштуулукка бөгөт коюу чаралары, милициянын жумушундагы ар түрдүү жагдайлары, кемчилиги жана ийгилиги менен кошо көйгөйлөрү да талкууланды. Профилактикалык жумуштарды аткарууда ички иштер органдарынын кызматкерлери гана эмес мыйзам негизинде башка жергиликтүү мекеме, ишканалар да көмөктөшүү керектиги белгиленди. Тиешелүү бардык органдар биргеликте аракеттенген учурда кылмыш, кырсыктардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк жаралаары айтылды. Жыйындын катышуучулары тарабынан бул багытта ой-пикирлер сунушталып, коомдук кеңештин протоколуна киргизилди.
ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов өз сөзүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү бир гана милициянын иши эместигин белгилеп, башка органдарды да жардам берүүгө чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө Сузак районунда резонанс жараткан кылмыштардын саны өскөндүгү айтылып, аталган райондо элдин санынын көптүгү жана бир милиция кызматкерине тейлеген аймагындагы он миңге чейин жаран туура келип жаткандыгы менен түшүндүрүлдү.


