super.kg logo

Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолукту

 

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Хуршид Мирсабиров менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолушууда Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

"Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Бишкек менен Ташкенттин байланышын аныктап, сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы үчүн маанилүү негиз боло турган бир катар идеяларды жана сунуштарды бириктирүү чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: