ЖМКлардын бири Финполдун мурдагы башчысы кайсы компаниялардан акча талап кылышы мүмкүн экенин жазып чыкты
Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таиров жеке компаниялардан 1 миллион 200 миң доллар талап кылган. Бул маалыматты өздүк булактарына таянып "Вечерний Бишкек" сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сөз бир нече жеке компаниялар тууралуу болуп жатат.
"Ири компаниялардан "Фрунзе" дүкөндөр тармагы, "Технотоп", "Электросила" ачык акционердик коомдору бар. Калгандары майда фирмалар. Коркутуу жана опузалоо жолдору менен алардан 1 миллион 200 миң доллар өлчөмүндөгү каражат шайлоо алдында партиялардын бирин каржылоо үчүн алынган. Акчаны мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бири чогултуп, Таировго берген болушу мүмкүн. Акча болжолдуу түрдө "Биримдик" партиясын каржылоого алынган", - деп жазылган маалыматта.
"Вечерний Бишкек" сайты жазып чыккан бул маалыматтын чын төгүнүн тастыктоо үчүн SUPER.KG Финполдун маалымат кызматына кайрылды. Бирок аталган мекемеден бул боюнча комментарий бере албайбыз деген жообун уктук. "Маалыматты угуп өзүбүз таң калып турабыз" дешти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматы.
Кечээ, 10-декабрда Финполдун мурдагы төрагасы кармалгандыгы тууралуу УКМК маалымат тараткан. Анда 2020-жылдын Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы төрагасы партиялардын бирине каржылоо керек экендигин айтып, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисин ири өлчөмдөгү акча каражатын берүүгө мажбурлаганы айтылган.
Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ал аталган кызматтан ушул жылдын октябрь айында алынып, ордуна Сыймык Жапыкеев дайындалган.
"Ак шумкарлар" ФИФАнын рейтингинде 2020-жылды 96-орун менен жыйынтыктады



1 |