Финполиция салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматкерлерди таза иштөөсүн, коррупциялык схемаларды жеке көзөмөлгө алат
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"Ишкерлер мамлекеттик органдардын бизнесин мыйзамдуу ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде Финполдун негизги шериктештери болуп саналат. Алар булганыч атандаштыкты, салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматчылардын таза эместигин жана албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөткөн маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат. Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн Финполдун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, финансы полициясы ишкердик субъекттердин жакын өнөктөшү, текшерүүчүлөрдүн ээн баштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын талкуулашты жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мындан ары тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашышты", - деп жазылат маалыматта.




1 |