Президенттикке талапкерлер электен өттү, Финполдун мурдагы төрагасы кармалды. Сөз эркиндиги коркунучтабы? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Бүгүн, 11-декабрь, күнгө жума. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Финполдун мурдагы төрагасы кармалды
УКМК акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалганын жарыялады.
УКМКнын маалыматында Финполдун мурдагы төрагасы Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда партиялардын бирин каржылаш үчүн аткаминерлердин бирин мажбурлап ири өлчөмдөгү акча каражатын алган. Учурда шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, башка ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги маалымдалат.
Учурдагы төрага Сыймык Жапыкеевдин ордунда 2018-жылдын апрель айынан тарта ушул жылдын октябрь айына чейин Финполду Бакир Таиров жетектеп келген. "Вечерний Бишкектин" маалыматына ылайык, Таиров мажбурлап алган акчалардын суммасы 1 миллион 200 миң долларды түзөт. Бул акчаны кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчиси жеке компаниялардан чогултуп Таировго бериши мүмкүн. Каражат "Фрунзе" дүкөндөр тармагы, "Технотоп", "Электросила" ачык акционердик коомдору жана башка фирмалардан алынган.
Конституциялык кеңешме жумушунун бир бөлүгүн аяктады
Бүгүн Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифинг учурунда кеңешменин ишинин биринчи этабы жыйынтыкталганын маалымдады.
Үч апта бою 3 секцияга бөлүнүп иш алып барган Конституциялык кеңешменин экинчи этабы кийинки аптада башталат.
"Конституциялык кеңешменин биринчи этабында ар бир секциялар тиешелүү болгон бардык иштерди аткарып, өздөрүнүн сунуштарын беришти. Ал эми кеңешменин экинчи этабы кийинки аптада башталып, анда юристтерден, тилчилерден түзүлгөн атайын эксперттик топ тексттерди карап чыгышат. Андан кийин ар бир секция менен макулдашуу болуп, чогулушта добуш беребиз", - дейт Бөрүбашев.
Президенттикке талапкер БШК менен соттошот
Президенттикке талапкерлигин койгон Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлүшү керек деген жүйө менен Чороевдин кол барактары анык эмес деп тапкан.
Буга байланыштуу Чороев БШКнын чечимин жокко чыгарууну көздөп сотко жазган арызы эртең, 12-декабрда каралмай болду.
"БШК менин талапкерлигимди четтетүү боюнча чыгарган чечимине каршы 10-декабрда арыз жаздык. Сот отуруму 12-декабрда өтө турган болду. Мен тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, тескерисинче, мыйзамды БШК бузду деп эсептейбиз. Андыктан сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деген ишенимдебиз", - дейт Чороев.
Сөз эркиндиги тууралуу артка кайтарылган мыйзам долбоору кайра каралат
Жогорку Кеңештин сайтына 14-декабрда күн тартибине коюла турган мыйзам долбоорлору жарыяланды. Алардын арасында "маалыматты манипуляциялоо" жөнүндө мыйзам долбоору да бар. Баяндамачы катары маданият маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков көрсөтүлгөн.
Аталган мыйзам долбоору буга чейин Гульшат Асылбаева баш болгон депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан. Долбоордо анык эмес же жалган маалыматтарды тараткан сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды соттун чечимисиз жабууга шарт түзүү каралган. Буга жарандык активисттер, юристтер, эксперттер кескин каршылык көрсөтүп, мыйзам кабыл алынса сөз эркиндиги чектелүү коркунучунда каларын белгилешкен. Коомчулуктун мындай реакциясынан кийин долбоорду мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган.
18 президенттикке талапкер акыркы электен өттү
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин кол барактарын текшерип бүттү. Мыйзамга ылайык, президенттикке ат салышкандар 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашык эмес кол чогултушу керек эле. Бул шарттарды аткарган 20 талапкердин 18и шайлоонун кийинки баскычына өттү. Тактап айтканда, 18 талапкердин чогулткан кол тамгалары текшерилип, жарактуу деп табылды. Ал эми Кубан Чороев менен Кубанычбек Токтосуновдун чогулткан колдору анык эмес деп табылды.
Талапкерлиги БШК тарабынан кабыл алынгандардын тизмеси:
Бабыржан Төлбаев;
Садыр Жапаров;
Аймен Касенов;
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай);
Равшан Жээнбеков;
Курсан Асанов;
Элдар Абакиров;
Адахан Мадумаров;
Абдил Сегизбаев;
Жеңишбек Байгуттиев;
Мыктыбек Арстанбек;
Клара Сооронкулова;
Рашид Тагаев;
Бактыбек Калмаматов;
Каныбек Иманалиев;
Имамидин Ташов;
Улукбек Кочкоров;
Канат Исаев.







1 |