super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы Ойдиной Тургунова дайынсыз болуп изделүүдө

 

Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы Ойдиной Тургунова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 4-декабрь күнү түшкү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Шабдалызар” базарында апасы соода кылган жерден үйүнө кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Учурда Тургунова Ойдинойдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 115-130 сантиметр, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Ток кызыл түстөгү куртка, кызыл түстөгү баш кийим, сары түстөгү шым, кара түстөгү маасы-көлөч.

Дайынсыз болуп жаткан Ойдиной Тургунова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш телефону: (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: