"Мен Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган Динара Чочунбаева: "Аселдин образы - бул жалпы кыргыз аялзатынын мыкты касиеттерин чогулткан образ"
"Мен Тянь-Шань" тасмасындагы Ильястын жары Аселдин образын жараткан актриса, учурда "Оймо" фестивалынын башкы жетекчиси, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча серепчи Динара Чочунбаева SUPER.KG порталына маек курду.
- Саламатсызбы эже, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Саламатчылык, баары жакшы.
- "Мен Тянь-Шань" тасмасына кандай жагдайда тартылып калдыңыз эле?
- Кокустан эле тартылып калгам. Анда 8-класстын экзаменин тапшырып бүтүп, кыздар болуп Эркиндик бульварында жүргөнбүз. Анан "киного тартыласыңарбы?" деп сурап калышты. Тобубуз менен барып "фотопробага" тартылып кеткенбиз. Ошол жерден мени тандап алышыптыр. Ошентип тартылып калгам.
- Тасмага тартылуу учурунда канча жашта элеңиз?
- Ал учурда кичинекей эле 14 жаштагы кыз элем. Бул тасманын тартылганына 50 жылга жакындап калды. Кээде көчөдө мен курактуу кишилер Асел эжеке деп таанып калышат.
- Кыргыз кино залкарлары менен бир тасмада тартылуу ары сыймыктуу, ары чоң жоопкерчиликти талап кылган чыгар... Залкарлар тууралуу айтып берсеңиз.
- Албетте, биринчиден Сүймөнкул Чокморов. Ал абдан бийик адам. Ошол эле учурда Союзга атагы чыккан, белгилүү актёр эле. Сүрөтчүлүк өнөрү дагы бар. Бирок чыгармачылык, тагыраагы, актёр катары бардык өнөрлөрүнөн бийик турчу. Советтер Союзу боюнча 3 жолу "Эң мыкты актёр" деген наамга ээ болгон. Бул абдан чоң жетишкендик. Адилеттүү, чын пейил, токтоо, алтын киши эле. Өкүнүчтүүсү бул дүйнөдөн эрте кеткендиги.
- Тасма тартуу иштеринде кайсы эпизодго тартылуу сиз үчүн кыйынга турду эле?
- Өзүм баягы кичинекей балдарга үзүлүп түшкөн мүнөзүм жок. Ал эми тиги кинодо энелик сезим болушу керек. Көрүүчүлөр дагы чын эле баласы экен деп ишениши керек да. Ал учурда 14 жаштагы кичинекей кызмын аны түшүнбөйм. Бир актёр айтып жатпайбы "Ай, Динара, баланы тим эле толтура мүшөк картошка сүйрөгөндөй эле сүйрөп баратасың да. Артыңды кичине карап койчу бала эмне болуп жатат" деп тамашалап күлүп калчу. Ошондо режиссёр мени балага кандай мамиле кылганды үйрөн деп бала бакчага жөнөттү. Ушундай кызыктуу учурлар болгон.
- Тасмага тартылууда Чыңгыз Айтматов дагы келип тартуу иштерине катышты беле?
- Тасма тартылып жатканда Чыңгыз Айтматов өзү эки-үч жолу келген. Бул киши бирөөнүн чыгармачылыгын сыйлап, өзүнүкүн өйдө койчу эмес. Эмне үчүн дегенде адабият менен кино эки башка тил. Жазуучу болуунун ыкмалары, ал эми кинонун ыкмалары башка. Ошону абдан туура түшүнгөн адам эле да. Режиссёрлорго эч кандай тоскоолдук кылып, "андай эмес, момундай тарт" деп бир дагы жолу айтканын уккан жокмун. Тасмадан кийин деле Чыңгыз Айтматов менен жолугушуулар болду. 2000-жылдары Шотландияга бирге барып калдык. Ал өзүнүн кичүү уулу менен барган эле. Эдинбург шаарындагы фестивалга катышып келгенбиз. Анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн жана балдардын чыгармачылыгын тартуулаганбыз. Ал киши "ПЕН-клуб" деген уюм бар (жазуучулардын союзу сыяктуу, бирок дүйнөлүк деңгээлде) ошого барып катышып, сүйлөп келген. Мен дагы катышкам. Ошондо Айматов сүйлөгөнү, андагы келгендер кунт коюп угуп жаткандыгын, аягында шатыра-шатман кол чабууларды көрүп аябай сыймыктангам.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
5

Комментарийлер(2)
al-abu-kinesz

12.12.2020. 00:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Абдан жакшы маек болуптур, Асель эже абдан жакшы суроттоп суйлойт экен, тим эле мен да ошол учурга аралашып кеттим. Менин эн жакшы коргон, жылына 5-6 жолу окуп чыкчу чыгармам ушул.
akmanai

12.12.2020. 09:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой толгоосу терен жакшы адам экен. Бар болунуз!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.