super.kg logo

ИИМ: "Ысык-Көлдө 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды"

 

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн атайын операциялардын натыйжасында 400 килограммга жакын баңгизаттар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

5-декабрда баңги каражаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сактоо фактылары боюнча сотко чейинки изилдөөнүн алкагында 50 жаштагы М.Ю. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында 128 даана брикет, пластмасса идиштерден кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыттуу зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 килограмм 150 грамм гашиш 79 килограмм 75 грамм марихуана баңги каражаттары, 294 килограмм 15 грамм каннабис тундурмасы болгон.

7-декабрда Ысык-Көл районунун Корумду айылында 1977-жылы туулган С.А. аттуу жарандын үйүнүн чатырынан эки кап кара-жашыл өңдөгү кара куурай өзгөчө жыттанган зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар 2 килограмм 500 грамм салмактагы марихуана болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөө улантылууда.

Ал эми 8-декабрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1970-жылы туулган Б.Р. аттуу жарандын сарайынан өзгөчө жыттуу заттар алынган. Алынган марихуана баңги каражатынын салмагы 610 грамм болгон.

9-декабрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1994-жылы туулган Ж.уулу.Н. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында үйдүн жер төлөсүнөн өзгөчө жыттуу оролгон зат табылып алынган. Алынган марихуана баңги каражатынын салмагы 2 килограмм 225 граммды түзгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн баңги каражаттардын жалпы салмагы 382 килограмм 575 граммды түзгөн. Азыркы учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки иликтөө ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.12.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апийим болсо саткылачы дарылыка алат элем таппай атабыз
12.12.2020. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahat.,коко бар арзан баада))) хаха
11.12.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
отметкасын аз алып калса керек да тигилер
12.12.2020. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиондогон акчаларда эми булар кайсыл жака жумшалат!
Дүңк чегип жүргөндөрдүн көздөрү өртөнүп кетти го ёлкининики)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: