Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан эки кишинин жансыз денелери табылды
Ысык-Көл облусунда балык уулоого чыккан эки киши каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Арал тилкесинде 2 эркек адам көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Тоң райондук №38 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, айыл өкмөттөн 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам 2 кайык менен издеп чыгышкан.
Саат 21:50дө 1977-жылы туулган А.А. аттуу адамдын жана саат 22:15те 1970-жылы туулган А.К. аттуу адамдын жансыз денелери табылган.
Жансыз денелер ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.