Улуттук адабият күнүнө карата поэзия кечеси өтүүдө











Бүгүн, 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде поэзия кечеси өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлгөн поэзия кербенине ӨКМдин орун басары Калыс Ахматов, министрликтин аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө манасчы, акындар, ырчылар катышып, чыгармаларын тартуулашты. Бул күн 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана кыргыздын таланттуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү күнү катары өткөрүлдү", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

11:35
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.