Эльвира Сурабалдиева: "Пандемия шартында аймактардагы жаштардын билим алуусу жана саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат"



Коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында аймактардагы балдардын жана жаштардын билим алуусуна, саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул туурасында вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагын өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.
Ал сынактын региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылып жатканы да символикалык мааниге ээ экендигин белгиледи.
«Бул демилге жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү гана көрө билүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарын жана кызыкчылыктарын да эске алат. Анын ичинде туруктуу өнүгүү, максаттарына жетүү, Баланын укуктары жөнүндө конвенция жана башка эл аралык макулдашууларда Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарууда жергиликтүү стратегиялар жана программалар менен байланыштырууга шарттарды түзөт. Бул демилгенин башка программа жана стратегиялардан айырмасы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдарга жана жаштарга багытталган чечимдерди кабыл алууда, жаштардын милдетүү түрдө катышуусу болуп саналат», - деди Эльвира Сурабалдиева.
Маалымдама:
Сынак Өкмөттүн демилгеси менен өткөрүлүп, аны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Улуттук стратегиялык изилдөө институту, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте өткөрүүдө. Сынакка өлкөнүн 18 шаары катышууда.
Сынактын байге фонду:
1-орун – 3 миллион сом;
2-орун – 2 миллион сом;
3-орун – 1 миллион сом.
Ошондой эле жыйынтык баалоо боюнча эң жогорку упай топтогон 10 шаарга «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамы берилет.


