super.kg logo

"Апамдын киндигинен баштап моюнуна чейинки дене бөлүгү табылган жок" дейт Жалал-Абадда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын кызы

 

Жалал-Абад шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бахтигул Базарматованын кызы Роза Базарматова апасынын жансыз денесин ит куш жеген дегенге ишенбейт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып берди.

"Апамды 10 күндөн ашык издедик. Сууну, адырды карадык, издебеген жерибиз калган жок. Акыры милиция киши колдуу болуп каза болгонун айтып, бизди өлүкканага чакырды. Барганда мен кирген жокмун. Апамдын туугандары киришти. Терезеден апамдын бут жагы көрүндү, кийип турган бут кийиминен тааныдым.

Апам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Денеси көмүлбөй калып, ит куш жеген деген маалыматтар чыкты. Бирок андай эмес. Дененин киндигинен жогору жагы жок, башы кесилген. Ит куш деген ылгабай жейт да жесе. Анан дагы кийимдери таптаза. Эч кандай ит куш жеген эмес. Биз азыркыга чейин дененин жогорку бөлүгүн издеп жатабыз, дайын жок. Көмүлгөн жерин карадык, тапкан жокпуз.

Шектүүлөрдү апам тааныйт. Алар апамдан карызга акча алып турушчу экен. Мен да бир жолу шектүүлөрдүн бирин көргөм. Апам өзү товар алып келип кайра аларды таратып иштечү. Жоголгон күнү апамдын жанында 200 миң сом акча бар болгон. Эми алдыда чыкчу экспертизалардын жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди кызы Роза Базарматова.

Окуянын чоо-жайы:

Бахтигул Базарматова 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова киши колдуу өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Анда шектүүлөр 25-ноябрь күнү сырттан тааныш болгон маркум аялга жолугушуп, саат 16:30 чамаларында Тойота-Авенсис унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү И.Х. өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.

Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
12.12.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир кино кордум эле. Атын эстей албай атам. Эн мыкаачы преступниктен признание алган детектив жонундо. Ушул олтургон экоону по отдельно отургузуп алып пока кылган кылмышын толук туура айтып бергиче без обезболивающие бирден бирден бармактарын кесиш керек. Ошондо чыгат кайсы жакка таштаганын денесинин бир болугун.
12.12.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оздорун да кыйнашсынайтып беришет ақыры!!!!! элдин козунчо асып салышсын башкаларга сабақ болот....
12.12.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жыланачтап сызга олтургузуп туруп оздорунун апаларын эже карындаштарын муунтуп колу бутун кесип кыйнаш керек да сезишсин кандай азап болоорун
12.12.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
же жумасына бирден ар дене мучосун кесип туруш керек качан дененин жарымын айткыча
12.12.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Астагфураллах. Кудай сактасын. Адамдар не болуп баратат. Акча дегенде баарына даяр экенго киши олтургонго.
12.12.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошон учун адамга кредитке акча бербеш керек. Суткордук эн жаман нерсе.
13.12.2020. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өтө өкүнүчтүү окуя болуптур сабыр кылыңыздар.
13.12.2020. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейиштен орун берсин
13.12.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жараткан Тенирим жамандыктан сактасын
13.12.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Asel69,Арстан Алайым эле десен
13.12.2020. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кейиштуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: