"Пандемияда кээ бир мэриянын кызматкерлери жүрөгү кармап кулап калган учурлар болду" дейт Балбак Түлөбаев
Пандемияда кээ бир мэрия кызматкерлери жыйналыш учурунда өзүн билбей кулап калып жатышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Пандемияда мен убакытты жоготуп алгам. Адам робот болуп калат экен. 3-4 саат уктап аттык, ошол 3-4 ай уланды. Өтө кыйын убактан өттүк, кээде ойлосом көзүмөн жаш кылгырат. Чогулуш учурунда кээ бир акимдер, вице-мэрлер жыгылып атышты. Максим Ситников чогулушта отурган жеринен жүрөгү кармап жыгылып калган. Эң негизгиси элди жоготуп албайлы деп корктум. Кыргыз кырылып калбаса экен дедим. Ошол убакта Азиз Суракматовдун (ред. мурдагы мэр) эмнеги чоң болду. Муну белгилеп кетишим керек. Вице-мэрлердин, акимдердин, саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендердин, ыктыярчылардын эмгектери чоң", - деди Түлөбаев.




1 |