super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 8 миңден ашык адам каза болду

 

Бүгүн, 14-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 72 миллион 201 миң 176 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 47 миллион 202 миң 611 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 611 миң 758 (+8176) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 16 миллион 246 миң 771 болду. 299 миң 163 адам каза болсо, 6 миллион 298 миң 82 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 857 миң 29 адамдан аныкталды. 143 миң 19 адам каза болсо, 9 миллион 357 миң 464 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 901 миң 952 адам вируска кабылган. 181 миң 402 бейтап көз жумса, 6 миллион 138 миң 349 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: