Индиядагы iPhone'ду чогулткан заводду кызматкерлери талкалашты
Индиянын Нарсапур аймагында жайгашкан америкалык "Apple" компаниясынын iPhone'ду чогулткан заводун кызматкерлери талкалашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, алардын мындай кадамга барышына айлык маянанын эскертүүсүз эле кыскартып койгону себеп болгон.
"Нарсапурда жайгашкан "Apple" компаниясына тийиштүү заводдо 2 миңге чукул кызматкер эмгектенген. Алардын ичинен көпчүлүгү ишемби күнү түнкү мөөнөт бүткөн соң талкалоону чечишкен. Алар компаниянын эмеректерин, терезелерди сындырып, унааларды талкалашкан. Мындан сырткары жетекчинин кеңсесине дагы чабуул коюшкан. Кээ бирлери өрт коюуга дагы аракет кылганы аныкталды. Полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатат",- деп жазылат маалыматта.
"Apple" компаниясы Индиянын аймагында iPhone'ду чогултуу иштерин 2017-жылы баштаган.


1 |