super.kg logo
  Саясат  

Президенттик шайлоо. БШК президенттикке талапкерлердин Садыр Жапаровго байланыштуу арызын канааттандырган жок

 
Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асановдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартуу тууралуу БШКга келип түшкөн арызы канааттандырылууга жатпайт деген чечим кабыл алды.

Мындай чечим БШКнын жумушчу тобунун жыйынында арыз ээлеринин, кызыкдар тараптардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кабыл алынганы белгиленет.

"Президенттин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн учурда Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берген жана премьер-министрдин кызматтык милдеттерин аткаруусун токтоткон. Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун документтерин кабыл алууда БШКнын иш-аракеттеринин мыйзамсыз экендиги жѳнүндѳ арыз ээлеринин жүйѳсүн негизсиз деп эсептейт" , - деп жазылат маалыматта.

Чечим баяндалгандардын негизинде, Конституциянын 6, 68-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» мыйзамынын 21, 43-беренелерин, “Ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳ” мыйзамынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алып кабыл алынганы белгиленет.

Эске салсак, 9-декабрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов БШКдан Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоо тууралуу арызы менен кайрылган. Анда арыз ээлери Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенден кийин, премьер-министрдин дагы ыйгарым укуктарын биротоло өткөрүп берип, шайлоого башкалар менен тең укукта катышуусу зарыл болгондугун жүйө катары келтиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: