"Үчөө наристе". Бишкектеги Новопокровка айылында сарайдан өрт чыгып, төрт адам каза болду
Бишкек шаарындагы Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Новопокровка айылында жалпы аянты 320 чарчы метр болгон сарай күйгөн. Өрттүн кесепетинен 4 киши каза болгон: 1 аял киши 1995-жылы туулган, 1 кыз 2016-жылы туулган, 2014-жылы, 2017-жылы туулган 2 бала. Өрттү өчүрүүгө кошумча "Аламүдүн" районунун өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.