Интернетте эмне кеп? "Коомдук унаада атамдай болгон киши кийимимдин ичине колун салып жиберди". Кыздар ымандай сырларын айтышууда, шаардыктардын шайын оодарган ыш менен кыш. Новиков дагы талкууда
Суугу сай-сөөктү сыздаткан кыш быйыл шаардыктардын шайын оодарып жаткандай. Абанын температурасы - 8 - 10го гана жетип жатканы айтылганы менен, көпчүлүк карандай суук болуп жатканын жана быйыл чилде эрте түшөрүн айтышууда. Кыш келгенден бери ыш, башкача айтканда, Бишкек шаарын каптаган кара түтүн маселеси айтылып эле келе жатат, бирок жогорку тараптан аны чечүү жолдору боюнча үн каткан адам жок. Бири буга ЖЭБ күнөөлүү десе, дагы бири ар кандай таштандыларды жаккан жаңы конуштун тургундарын күнөөлөйт, башкасы "буга католизаторлору жок унаалар жана шамалдын айланышын эске албай салынган көп кабаттуу үйлөр күнөөлүү" деп биринен озуп бири жазып жатышат. Бирок бул ирет дагы карапайым эл адатынча социалдык тармакта гана маселе көтөрүп чуулдап кала берет өңдөнөт. Ал эми Бишкектеги булганган аба биз айтпасак дагы ден соолукка зыян экени белгилүү.
Жаңы гана аялзатына болуп жаткан зордук-зомбулукка каршы Эл аралык уюмдар тарабынан жарыяланган жумалык аяктаган маалда Тоң райондук сотунун чечими элди чууга салды. Анда жарым жыл бою 13 жаштагы кызды зордуктап жүргөнгө шектелген 3 жарандын экөө эркиндикке чыгарылып, ал эми бири жеңил берене менен соттолгон. Соттун чечими чыккан соң көптөгөн социалдык тармактын айым колдонуучулары башынан өткөн окуяларын жазып ымандай сырларын ачышты. Көпчүлүгү окуучу кезде эле коомдук транспортто жагымсыз жана аларды иренжиткен окуяларга кабылганын жазып калтырышкн. Ал эми мырзалар болсо мындай коомдо кыздуу болуу да коркунуч жарата турганын жазышты.

Саясатчылардын кайсы бирине үмүт артарын билбей турган карапайым элге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков көктөн түшкөн жарыктай эле туюлуп жатканы социалдык тармакта ага карата жазылган билдирүүлөрдөн көрүнүп турат. Анын аймактарга болгон иш сапарлары, атка минерлерди анча-мынчасын уруша койгону да элге майдай жагып жатат. Анын үстүнө элге жакындоо үчүн Новиков көпчүлүк социалдык тармакта баракчаларды ачып, коомдо болуп жаткан окуялардан кабардар экенин билдирип жатат. Мындайда саясатчынын сырткы келбетине суктана калчу кыздар да четте калбай анын кандай келишимдүү экенин баса белгилешүүдө. Премьер-министр жубайы менен биргеликте 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгын утурлай коюлган спектаклге, андан соң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштеткен кафеге барганы белгилүү болду. Новиковдун жубайы интернет колдонуучуларынын көз жаздымында калган жок. Алар премьер-министрдин өзүнө жарашыктуу, сулуу жубайы бар экенин жазып калтырышкан. Эл аралап, бирде алакан жайып бата кылган Новиков азыркы тапта элдин сүймөнчүгү болууда.
кошулду







1 |