super.kg logo

"Бир жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен". Ошто жансыз денеси таанылгыс болуп карарып кеткен аялдын ким экени аныкталды

 

Ошто белгисиз аялдын жансыз денеси табылып, анын денеси таанылгыс болуп карарып кеткени маалымдалган. Бүгүн, 14-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маркумдун аты-жөнү такталганын билдиришти.

Белгилүү болгондой, каза болгон аял бир жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен.

"Ош шаарындагы жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан жансыз денеси табылган аял 1970-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Б.У. болгон. Үй-бүлөсү жок. Бир жыл мурда үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн.

Маркумдун сөөгүн жакындары алып кетишти", - дешти мекемеден.

Эске салсак, 11-декабрда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Кийинчерээк, маркум аял киши экенин, ал таанылгыс болуп калганын Ош ШИИБинин маалымат катчысы билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: