Жалал-Абад шаардык мэриясы Жаңы жылдык жасалгаларга сынак жарыялады
Жалал-Абад шаардык мэриясы Жаңы жылдык жасалгаларга сынак жарыялады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти."Жаңы жыл майрамына карата элге майрамдык маанай тартуулоо максатында “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагы жарыяланды. Ага менчигинин түрүнө карабай калаадагы бардык мекеме-ишканалар катыша алат. Сынакта көрнөк-жарнактардын мазмунуна, кооздугуна, тартылган сүрөттөргө, балатыларга, имараттардын сырткы жасалгасына жана тазалыгына көңүл бурулат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат" , - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















