super.kg logo

Элчилик: "Метродо көз жарган кыргыз келин баласынан баш тартпайт"

 
Орусиянын Москва шаарында метродо көз жарган келин баласынан баш тартпайт. Бул туурасында келиндин туугандары айтканын Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева SUPER.KG порталына билдирди.
"Элчиликтин юристи 11-декабрь күнү 29 жаштагы келин менен анын баласынын абалын билүү үчүн алар жаткан №29 шаардык клиникалык ооруканасына барып келди. Аталган оорукананын дарыгерлери эне, баланын абалы канааттандырарлык экендигин айтышкан. Келин баласын таштайт деген маалыматты анын туугандары четке кагышты. Азыр алар биздин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кошумча дагы маалыматтар болсо айтабыз", - деди Алтымышева.
Белгилей кетсек, 9-декабрда Москвада метродо келин көз жарып, анын төрөтүн полиция кызматкерлери менен гезит саткан аял кабыл алган. Көп өтпөй эле анын У.К. аттуу Кыргыз жараны экендиги айтылган.
Окуядан эки күн өткөн соң орусиялык басылмалар келиндин баласынан баш тартып жаткандыгын жазып чыгышкан. Аталган маселе боюнча элчиликке байланышканыбызда маалымат такталып жаткандыгын билдирген болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.12.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин көзөмөлдө дейт ко ушунча күндөн кийин
14.12.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баш тартпасын башы болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: