Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 25-январында Октябрь РИИБине К.А. аттуу жаран Ч.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылы июнь айында 7-кичи райондо Ч.А. аттуу жаран ишенимине кирип, 290 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ижарага алган. Андан соң ал унааны 3-жакка сатып жиберген. Ал эми андан түшкөн каражатты жеке муктаждыктарына колдонгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине менен катталган. Алдамчылыкка шектелип, Октябрь РИИБи тарабынан 1988-жылы туулган Ч.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.