super.kg logo

Жаш эне менен 3 наристенин өрттөн каза болушу. Кырсык тууралуу маалыматтар айтылды (сүрөт)

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болушту. ӨКМнын маалыматына ылайык, каза болгондор эне жана анын балдары болгон. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан өрт боюнча алдын ала маалыматтарды билдирди.

"13-декабрь күнү кашардын жумушчусу 1999-жылы туулган Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында бөлмөгө кирип, бир литрлик желим бөтөлкөдөгү бензинди мештин ичине куйган маалда өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан соң А.Т.нын кийимине өткөн. Күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү өрт каптаган. Өзү тирүү калган. Тилекке каршы, бир аял жана 3 наристе каза болуп калды.

Кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы, (финский) полу жана шыбы жыгачтан, жылуулук системи мештен, чатыры шиферден, устун жыгачтан курулган. Өрттүн кесепетинен кашардын 320 чарчы метр аянты күйгөн (кашардын чатыры, эки бөлмөсү жана кире бериши), 1080 чарчы метр аянт куткаруучулар тарабынан сакталып калган", - дешти мекемеден.

Өрт тууралуу билдирүү саат 14:36да түшкөн. Куткаруучулар саат 14:51де жетип, саат 15:14тө өрт чектөөгө алынган. Саат 20:47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Буга чейин Новопокровкадагы өрттөн 1 аял киши 1995-жылы туулган, 1 кыз 2016-жылы туулган, 2014-жылы, 2017-жылы туулган 2 бала каза болгондугу кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: