Казакстанда өтүүчү бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна мушкерлер рекорддук санда келиши күтүлүүдө

Казакстандын Алматы шаарында 14-26-октябрь аралыгында өтүүчү бокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуучулар рекорддук санда келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Эл аралык бокс федерациясы билдирет. Маалыматка ылайык, алдын ала жүргүзүлгөн онлайн каттоодон 116 өлкөдөн 576 мушкер өткөн. Буга чейинки катышуучулардын саны боюнча рекорддук көрсөткүч Азербайжандын Баку шаарында өткөн мелдеште катталган. Ага 113 өлкөдөн 570 мушкер катышкан. Ал эми Алматы шаарындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык мушкерлер 10 салмак даражанын 7синде ат салышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.