super.kg logo

БШКнын төрайымынын орун басары: "Шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет"

 

Шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет. Алардын бири Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоо жөнүндө бюллетень, экинчиси, референдумга катышуу боюнча жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча бюллетень. Маалыматты БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргенин мекеменин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Референдумду дайындоо жөнүндө" мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу кол койду. Ал расмий күчүнө кирди. Ошого ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнү, 2021-жылдын 10-январында референдум да өткөрүлөрү айтылат.

"Добуш берүү күнүнө 20 күн калганда, шайлоо бюллетендеринин формасы жана текстти аныкталат. Ал эми референдумдун бюллетендери добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калганга чейин ар бир аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилет. Андан ары шайлоо бюллетендери, референдумдун бюллетендери эки календардык күн калгандан кечиктирилбей, ар бир участкалык шайлоо комиссияларына акт менен өткөрүлүп берилет. Ар бир шайлоо тилкелеринде экиден шайлоо урнасы жайгаштырылат. Шайлоочулар идентификациядан өткөн мезгилде эки чек басылып берилет, жана алар эки бюллетень алышат" , - деген Абдыжапар Бекматов.

Маалым болгондой, БШК президенттикке талапкерди каттоону соңуна чыгарды. Эртең 15-декабрдан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: