super.kg logo

БШК: "Референдумду дайындоо жөнүндө" мыйзам расмий күчүнө кирди. Ал президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге өтөт"

 

"Референдумду дайындоо жөнүндө" мыйзам расмий күчүнө кирди. Ал президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Жогорку Кеңеш кабыл алган бүткүл элдик добуш берүү, Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу кол койду. Ал расмий күчүнө кирди. Ага ылайык, 2021-жылдын 10-январында Референдум дагы өткөрүлөт. Ал боюнча БШК тиешелүү органдар менен иш планын, чыгымдардын сметасын бекитүү иштерине киришти. Башкача айтканда добуш берүү күнү шайлоочуларга 2 шайлоо бюллетени берилет. Биринчиси, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө бюллетень, экинчиси, референдумга катышуу боюнча, өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча бюллетень берилет. Ар бир шайлоо тилкелеринде экиден шайлоо урнасы жайгаштырылат. Шайлоочулар добуш берүү күнү идентификациядан өткөн мезгилде эки чек басылып берилет, жана ошондон кийин алар эки бюллетень алышат. Референдум боюнча мыйзам мурда күнү эле күчүнө кирди. Ошого байланыштуу Референдумдун формасы тиешелүү мөөнөттө БШКда аныкталып, бекитилет" , - дейт Бекматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: