super.kg logo

БШК: "Референдумга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн демилгелүү топтор уюштурулат"

 

Референдумга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн демилгелүү топтор уюштурулат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Референдум дайындалгандан кийин мыйзамга ылайык, референдумдун үгүт иштерине катышуу үчүн демилгелүү топтор уюштурулат. Алар референдумга каршы, жана макул болгондордон түзүлгөн топтор болот. Бул топтор дагы жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндүн ичинде БШКга топ түзүлгөнүн жарыялап, тиешелүү документтерди тапшырышы керек. Ошондой эле алардын дагы шайлоо фонддору түзүлүшү мүмкүн. Демилгелүү топтор ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлайт" , - дейт Бекматов.

Маалым болгондой, БШК президентикке талапкерди каттоо процессин аяктады. Эртең шайлоо өнөктүгүнүн алкагында шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Аны менен бирге Референдумга да добуш берүү жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2020. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы пул иштемей башталат экен да, эх десе голос саткандар, уруштар башталат экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: