super.kg logo

Бишкек ШИИББ: "Жолдон адашкан өспүрүм ата-энесине жеткирилип берилди"

 

Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жолдон адашып калган баланы дарегин таап, ата-энесине алып келишти. Бул туралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда 14 жаштагы өспүрүм Бишкек шаарына келип, үйүнө кетчү жолду таба албай адашып калган. "Ал Ибраимов -Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде милиция кызматкерин көрүп, дароо жардам сурап кайрылган. Анын аты-жөнүн аныктоо боюнча Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук кызматы тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө бала 2006-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталды. Ал борбордун четиндеги жаңы конуштардын биринде жашап, шаарды жакшы билбегендигинен жолдон адашып калган", - деп жазылат маалыматта.






Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жолдон адашкан өспүрүмдү ата-энесине аман-эсен жеткирип беришти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: