super.kg logo

"Шрек" мультфильми АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү деп аталды

 

"Шрек" мультфильми АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү деп аталды. Бул тууралуу "Variety" басылмасынын билдирүүсү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Америкалык кинолордун улуттук реестрине анимациялык долбоор киргизилип, тизмеге быйыл 25 тасманын кошулуусу менен толукталып, жалпы 800 фильмдин аты аталды. Анын ичинен "Шрек" мультфильми улуттук кинону сактоо мыйзамынын жоболоруна ылайык, маданий, тарыхый жана эстетикалык баалуулугу жогору деп
тандалып, АКШнын улуттук таанымал анимациялык өндүрүмү болуп аталганы жазылат.

Уильям Стайгдын калемине таандык "Шрек" аттуу толук метраждуу мультфильми 2001-жылы чыккан. Андан кийин анимациялык тасманын дагы үч толук метраждуу уландысы тартылган. 2016-жылы "Шректин" бешинчи бөлүгүн жаратканы жарыяланып, аны 2022-жылы тартылууга берүү планында экендиги айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2020. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шрек жагат мага семьябыз менен жыргап күлүп көрөбүз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: