Өкмөттүн аппарат башчысы аймактардын жетекчилери облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керектигин айтты







Өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев аймактардын жетекчилери облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал аймак жетекчилеринин катышуусунда өткөн онлайн-кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Мурда облустардагы жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген, алардын аткарылышы тийиштүү түрдө көзөмөлгө алынбай жатат. Бирок бул анын бардыгы унутта калды дегенге жатпайт. Көзөмөл болушу тийиш, бирок сиздер ыйгарым укуктуу өкүл катары аймактын өнүгүүсү үчүн активдүү иш алып барууңар зарыл. Ар-бирибизден тигил, же бул аймак жана жалпы өлкөбүз социалдык-экономикалык жактан канчалык деңгээлде өнүгөөрү көз каранды. Белгилүү болгондой, өлкөнүн 65 пайыз калкы аймактарда жашап, негизинен айыл-чарба тармагында эмгектенет. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн жана жаратылыш ресурстарын эске алуу менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы болушу зарыл", - деди ал.
Бактыбек Аманбаев облустун ар бир жетекчисине эки апталык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруусун тапшырды:
- аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу;
- ички жана тышкы инвесторлор менен өз-ара пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгуу;
- айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча борборлорду ачуу планын иштеп чыгуу.
Муну менен катар Бактыбек Аманбаев президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө да токтолду.
"Акыркы 30 жылдын ичинде өлкөбүздө ар кандай деңгээлдеги ондогон шайлоо өттү. Алар ачык-айкын өттүбү, ага эл тараза. Бүгүнкү күндө жарандар бизден шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү күтүп жатышат. Шайлоонун канчалык таза жана ачык-айкын өтүшү негизинен сиздерден көз каранды. Бардык шайлоо участокторун жабдуулар, байланыш жана жылуулук менен камсыз кылуу керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шайлоо участкаларында тартипти камсыз кылышы зарыл", - деп белгиледи ал.
Бактыбек Аманбаев ошондой эле жер-жерлерде күз-кыш жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

