super.kg logo

Сокулукта сабалган 6 жашар бала. Баланын жактоочусу тергөөчүлөргө карата арыз жазды

 

Сокулукта өгөй атасы тарабынан катуу сабалган 6 жашар баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров
Башкы прокуратурага Сокулук РИИБинин жетекчилигине карата арыз жазды. Бул тууралуу жактоочу өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочу билдирүүсүндө Сокулук РИИБинин тергөөчүлөрүнө жана Социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчилигине карата чара көрүүсүн айтып, өз көзөмөлүнө алууну суранган.

"Негизи Рамазан 17-ноябрда сабалган. Милиция кызматкерлерине саат 24:00 чамасында кайрылышкан. Бирок эч кандай реакция болгон эмес. Эртең менен баланы №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Дарыгерлер баланын абалын көрүп, милиция чакыртышкан. Алар бул ишти Сокулук РИИБине өткөрүп беришкен. Бирок буга эч ким реакция кылган жок, билдирүүгө алты күн бою көңүл бурулбай, көз жаздымда калды. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылгандан кийин гана алар "ойгонуп", ишти оор берене менен кайрадан квалификациялашты. Ошондон кийин гана социалдык коргоо кошула баштады", - деп билдирди жактоочу.

Шердор Абдыкапаров жогорудагы кызмат адамдар балага шалаакылык жана кайдыгерлик мамиле кылды деп эсептейт.

Окуянын чоо-жайы:

18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Кийин жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген. Жактоочу сабалган 6 жаштагы баланын апасы "окуяны оюмдан чыгарып койгом" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаганда жактоочу болуудан баш тартканын билдирген.

2-декабрь күнү жактоочу баланын апасы андан баш тартканын билдирип, камкордук толугу менен апасына (баланын таенеси) өткөрүп бергенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке кагып, апасы баласынан баш тартпагандыгын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: