Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 7 эсе жогору
Бүгүн, 15-декабрда саат 9:50гө карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 7 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 150 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 162). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Аламүдүн-1 кичи району – 178 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 180).
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 142 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 144).

