super.kg logo

"Кыймылсыз мүлктөрүн башкаларга каттатып келген". УКМК Жогорку Соттун судьясынын бир топ байлыгын аныктады

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жогорку Соттун судьясынын бир топ байлыктары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жогорку Соттун судьясы О.К.Т. тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

Такталган маалымат боюнча, О.К.Т. өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, мыйзамсыз баюу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоого милдеттүү экендигине карабай, ошол эле учурда тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар. Аны менен бирге «О.К.Т.» жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШдагы курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Судья О.К.Т. мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген.

Ошондой эле сотко чейинки териштирүүнүн алкагында О.К.Т. коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
15.12.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соттордун баары эле ушундай го
15.12.2020. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Охоо, соттоп жиберип жыргап жашайт турбайбы, Кудайдын сотунан корккула соттор!
15.12.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстанда сотто, таможняда,ИИМ, прокуратура,финполдо иштейм дегендин 95 пайызын тергебей эле камай берсе туура болот баары корупционер.
15.12.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ташиев азамат!
15.12.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев, Жапаров, Жапыкеев силерди Аллах жонотту бизге!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: