super.kg logo

Сокулукта жолдон өтүп бараткан адамдын денесине себепсиз залал келтиргенге шектелген жаран кармалды

 

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда өтүп бара жаткан жарандын денесине себепсиз эле залал келтиргенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында Сокулук РИИБине телефон чалуу болуп, белгисиз эркек киши бирөөнүн денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине барган милиция кызматкерлери териштирүү учурунда кебетеси азиялык болгон эркек киши жолдон өтүп бара жаткан адамдардын бирин себепсиз эле колундагы катуу нерсе менен уруп, денесине залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген, ал эми шектүү жаран автоунаалардын бирине отуруп, окуя болгон жерден из жашырып кеткени аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган И.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Шектүү жаран милиция кызматкерлеринен жашынып, "Ош базарынын" айланасынан батир алып, ошол жерде жашап жүргөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: