super.kg logo

13 жашында зордукталган дагы бир кыз. Жактоочу бул ишти кайрадан карап берүүнү талап кылып, Жогорку Сотко кайрылды

 

Бишкекте жактоочу 13 жаштагы кызды зордуктоо ишин кайрадан карап берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу адвокат Арман Кыйгырова билдирди.

Анын айтымында, аталган ишти кайрадан карап берүү үчүн Жогорку Сотко кайрылышкан.

"Бул ишти кайрадан карап берүү үчүн Жогорку Сотко кайрылып жатабыз. Буга чейин айыпталуучу 3 инстанцияда актап жиберилген. Мындан улам президентке, депутаттарга кайрылдык. Бирок азырынча жыйынтык жок", - деди жактоочу.

Ал эми жабырлануучунун апасы буга чейин айыпталуучу мыйзамсыз акталып кеткенин айтып өттү.

"Биз аталган ишти кайрадан карап берүүнү каалайбыз. Айыпталуучунун чоң атасы министрдин орун басары экен да. Ошон үчүн алар утуп кетишти. Бизди болсо айыпталуучуга компенсация (айыпталуучунун моралдык, материалдык чыгымдары) төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул акыйкатсыздык да", - деди жабырлануучунун апасы.

Эске салсак, бул окуя 2016-жылы август айында болгон. Анда 13 жаштагы өспүрүм кыз соода борборлордун биринин дааратканасында зордукталган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
15.12.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик ,байлык кучтуулук кылып,бечара жашы жетпеген кыздын тагдырына коз жумушуптур да ,тергоочулор.Корупция бизде ото куч,жада калса жаш баланы аябайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: