super.kg logo

"Быйыл сасык тумоо менен ооругандардын саны дээрлик 2 жарым эсеге аз" дейт министрдин орун басары

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, сасык тумоонун катталышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге төмөн. Мындай маалымат менен бүгүн, 15-декабрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Профилактикалык эмдөө үчүн тобокел тобуна кирген адамдар жана калктын социалдык аярлуу катмарына киргендердин саны 905 миң адамды түзөт.

"Сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө калктын болжол менен 13 пайызын камтыйт. Планга ылайык, 1-2-этапта сентябрь айынан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 миң 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алган. 3-этапта декабрь айынын башында сасык тумоого каршы дагы 550 миң доза вакцина алынган. Учурда вакцина бардык район-шаарларга бөлүштүрүлүп берилди. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы тобокел тобуна кирген адамдар арасында эмдөө жүрүп жатат", - деп белгиледи Үсөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл элдин баары вирустан коркуп,ден соолугун бекемдешти,сарымсак,лимон,имбирь ж.б.у.с ичип жеп,кылбаган нерсебиз калбады)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: