super.kg logo

Форма-2ден баш тарткандыктан Бишкек жана Ош шаарларында шайлоочулардын саны азайды

 

Форма-2 тизмеси аркылуу шайлоого кирүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандыктан Бишкек жана Ош шаарларында шайлоочулардын саны азайып, башка аймактарда көбөйдү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова үгүт компаниясынын башталышына карата өткөн тегерек столдо билдирди.

Белгилүү болгондой, 14-декабрга карата өлкөдө 3 миллион 500 миң 582 шайлоочу катталды. 29-декабрга чейин шайлоочулардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

"Ош облусунда 726 миң 311, Жалал-Абад облусунда 667 миң 286, Чүйдө жана Бишкек шаарында 410 миң 202 шайлоочу катталган. Чет өлкөлөрдө 35 миң 575 шайлоочу бар.

Жалпылап алганда, парламенттик шайлоого караганда бул ирет шайлоочулардын саны 29 миңге өстү. Бирок Форма-2 тизмеси аркылуу добуш берүү жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында добуш берүүчүлөрдүн саны кыскарды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында 80 миң, Ош шаарында 30 миңге аз шайлоочу катталды. Калган аймактарда өсүш байкалды", - деди Шайлдабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2020. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Россиядагылар форма 2 толтурбайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: