super.kg logo

Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Владимир Путин Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ага саясаттагы ийгиликтерди каалаган.

"Биз сиз менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз", - деген Владимир Путин.

Маалым болгондой, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Добуштардын саны боюнча Жо Байден алдыга чыгып, ал өзүн жеңүүчү деп атаганы менен, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп оппонентинин жеңишин алгачкы күндөрү кабыл албай, сотко кайрылганы жазылган.

Ага карабастан Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышты. Мындан тышкары, көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан.

АКШнын 46-президентинин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтөрү жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоробай ийгилик сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: