super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлайт

 

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо өтөт. 26-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттар аталган кызматка ат салышып жаткан 49 талапкердин программаларын угушкан. Бирок шайлоо тартиби боюнча эл өкүлдөрү бир пикирге келише албай, маселени улантуу бир апта артка жылдырылган эле. 

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 54 жаран арыз берип, кийин айрымдары баш тарткан. Ал эми Турсунбек Акун "акыйкатчы мыйзамсыз бошотулду, акыйкатчы шайлоо да мыйзамсыз өтүп жатат" деп 16-сентябрдан бери ачкачылык кармап жатат.  

Ал Батукаевдин бошотулушуна тийиши бар делген бардык аткаминерлердин жумуштан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: