Садыр Жапаров кудаларын эмнеге кызматка койгон? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
Сарпашевдин мамлекетке дагы бир "белеги"
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн Финполго дагы бир жолу сурак берди. Суракка кирердин алдында журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Сарпашевдин айтымында, анын бир туугандары аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты мамлекеттин карамагына өткөрүп берет.
Буга чейин Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал мамлекеттин балансына 530 гектар жерди өткөрүп берген.
Кубан Чороев БШКнын үстүнөн Жогорку Сотко даттанды
Бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого карата үгүт компаниясына расмий старт берилди. Тактап айтканда 9-январга чейин талапкерлер жер жерлерде үгүт жүргүзө алат. Учурда өлкөнүн 2 тизгин, 1 чылбырын колуна алуу үчүн 18 талапкер ат салышууда. Ал эми талапкерлиги катталбай калган Кубан Чороев БШК менен соттошууда. Чороевдин арызы боюнча Бишкектин Админстративдик соту БШКнын пайдасына чечим чыгарса, Жогорку Сот эми карайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы "Чороев кол тамга чогултулуучу бланктардын акчасы төлөнө электен мурда кол чогултуп баштаган" деген жүйө менен аны талапкерликтен четтеткен. БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазган Чороев соттон утулуп калган.
Садыр Жапаров кудаларын кызматка койгон себебин түшүндүрдү
Үгүт компаниясы башталган алгачкы күнү Садыр Жапаров Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда талапкер жарандардан келген каттарга жооп берип жатып, кудаларын кызматка дайындоосу боюнча түшүндүрмө берди. Жапаровдун айтымында, ал президенттин милдетин аткаруучу болуп турган учурда, жооптуу кызматтарга ишенимдүү кишилерди коюу зарыл болгон.
Учурда Садыр Жапаровдун бир кудасы Турусбек Түмөнбаев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башчысы болсо, дагы бири Таштанбек Каймазаров Миграция кызматын жетектеп келет.
Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну талап кылат
Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну талап кылып Бишкектин Административдик сотуна арыз жазды. Сооронкулованын пикиринде Жапаровдун президенттикке ат салышууга укугу жок.
Буга чейин Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартууну суранып жазган арызын БШК канааттандырган эмес.
Паспортко "улут" графасы кайтарылды
ID-картага "этностук таандыкты" көрсөтө турган графа киргизүү боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген. Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат", - деп айтылат маалыматта.
кошулду






1 |