super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын" түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

 

"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын" Түштүк бөлүмүнүн кезектеги коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схемасы аныкталган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттик ишкананын түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик ишкананын түштүк филиалынын мурдагы башчысы Б.К. темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: