Профессор: "Чынгыз Айтматов менен Сагынбай Орозбаковдун аты көпчүлүк учурда туура эмес жазылат"



Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Семинарда "жалпыга маалымдоо каражаттарындагы орфографиялык мүчүлүштүктөр" деген темада баяндама окуган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев, ар бир ЖМК өзүнчө эреже түзүп алганына токтолду.
Кээ бир массалык маалымат каражаттары сөздүн туура жазылышын көрсөтсөң, "бизде башкача жазылат" деп жооп беришет. Алар эмне өзүнчө аймагы бар мамлекетпи? Орфографиялык эрежелер Жогорку Кеңеште бекитилген мыйзам. Ал Баткенге дагы, Нарынга дагы, президентке дагы, биринчи класстын окуучусуна дагы таандык. Ар бирибиз өз каалаганыбыздай жаза берсек, 7 облус жети башка жазылып калабыз. Ал эми 50 жылдан кийин бири-бирибизди түшүнбөй калабыз. Кыргыз тили жетиге ажырап кетет. Ошон үчүн бирдиктүү адабий норма керек", - дейт Ишенбек Султаналиев.
Ошондой эле профессор белгилүү инсандардын аттары дагы айрым учурда туура эмес жазылып жатканын белгиледи.

