super.kg logo

"Мен жөн гана апамды өлтүрдүм". Улуу Британияда өспүрүм апасына 118 жолу бычак сайган

 

Улуу Британияда өспүрүм энесин мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы өспүрүм өз энесин муунтуп, андан кийин аялдын эс-учун жоготуп койгонуна көзү жеткенде башына, 64 жолу моюнуна жана 16 жолу колуна бычак сайган.

Андан кийин ал Өзгөчө кырдаалдар кызматына чалып, алардан жансыз денени салуу үчүн баштык алып келүүсүн суранган.

Ал эми полиция кызматкерлеринин айтымында, өспүрүм 999 номерине чалып, жайбаракат, токтоо үн менен "Мен жөн гана апамды өлтүрдүм. Аны муунтуп, ар кандай бычактар жана башка нерсе менен сайдым" деп айткан.
Бул үрөй учурган окуя ушул жылдын июль айында катталган, бирок сот отуруму 14-декабрда болгон. Соттук процесс октябрь айында өтүшү керек болчу, бирок белгиленген күндөн бир нече күн мурда өспүрүмдүн жансыз денеси психиатриялык оорукананын бөлүмүндө табылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, бала жынысын, атын Бенден Роуан деп өзгөрткөнгө жетишкен. Андан тышкары, депрессияга кабылып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2020. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бетин нары кылсын. Не деген заианда жашап жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: