Улуттук китепканада тилдин жазуу маданияты боюнча иш-чара өттү. Ага министр, журналисттер жана блогерлер катышты








Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинар өттү.
Иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ачып, андан соң КР Маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөдү. Иш-чарага мамлекеттик жана жеке менчик телерадио компаниялардын белгилүү журналисттери, таанымал блогерлер, адис тилчи-окумуштуулар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты.
Семинардын жүрүшүндө учурдагы теле-радио, гезит-журнал, социалдык тармактардагы сабаттуулук маселелеринин абалы талдоого алынып, орфография, орфоэпия, пунктуация эрежелеринин сакталышы боюнча ойлор, сунуш-пикирлер айтылды. Журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Айтматов – журналист”, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Ишенбек Султаналиевдин “ЖМКдагы орфографиялык мүчүлүштүктөр”, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти Тамара Абылкасымованын “Орфоэпия маселелери”, коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун “Кеп маданиятын калыптандыруудагы ЖМКнын ролу”, журналисттер Бакыт Орунбековдун “Кыргыз тилдүү гезиттердеги жазуу эрежелеринин сакталыш маселелери”, Элвира Ажыканованын “Социалдык тармактардагы сабатсыздык” темаларындагы баяндамалары катышуучулардын кызуу талкуусун жаратты.
Төрага Назаркул Ишекеев ЖМКлар менен ушул багыттагы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келе жаткандыгын жана мындай өз ара пайдалуу кызматташуу келечекте да улантыларын белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан мыкты журналисттерге комиссиянын атайын сыйлыктарын тапшыруу аземи дагы өттү.
Иш-чаранын соңунда суроо-жоопко жана өз ара талкууга да орун берилди. Бул жерде тилчилер жана журналисттер кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн ар кандай иш-аракеттерди көрүү боюнча сунуштамаларын билдирди. Буга чейинки семинарлардан айырмаланып, тил комиссиясы социалдык тармакта активдүү болгон блогер-журналисттерди да чакырганы болду. Алардын атынан алып баруучулар Назира Айтбекова, Урмат Борченовдор келишип өз пикирлерин билдиришти.

