Чек араны делимитациялоо маселеси боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттүк делегацияларынын жыйыны өтүүдө





"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси (Премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.
Камчыбек Ташиев Өзбекстандын делегациясынын мүчөлөрү менен амандашып жатып, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
"Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек", - деди ал.
Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.
Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлгөн.

