Маданият министрлигинде өлкөдөгү театр тармагынын жалпы көйгөйлөрү талкууланды








Бүгүн, 15-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде өлкөдөгү театр тармагынын жалпы көйгөйлөрү талкууланган жыйын болду. Жыйынга министр Нуржигит Кадырбеков жана театрлардын директорлору менен көркөм жетекчилери катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын, онлайн форматы менен коштолуп,ага аймактык драма театрлардын жетекчилери да кошулду.
"Мекеме жетекчилери бүгүнкү күндө маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүдө тоскоолдук жаратып жаткан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамынын ченемдерин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Театр тармагында репертуарды жаңылоо, формаларды даярдоо, музыкалаштыруу, режиссердук иштерди жүргүзүү үчүн аталган мыйзамга ылайык, тендер менен гана иш алып баруу шарты каралып калгандыгы айтылды.
Театрлар тапкан акча каражаттар Бюджет кодексине ылайык, толугу менен республикалык казынага кетип, театрды өнүктүрүүгө колдонууга мүмкүн болбой жатканы ишти аксатканы жана заман талабына ылайык штаттык бирдиктерди кайрадан карап чыгуу керектиги айтылды", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 22 театр оюн-зоок мекемелери бар. 1 - цирк, 1 - опера балет театры, 8 музыкалык драма театр, 7 - драма театр, 2 - куурчак театр, 3-филармония бар.
Белгилей кетсек, алар 1- декабрдан тартып, санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өз иштерин жандандырган.

