super.kg logo

Бишкектеги атайын билим берүү уюмдары балдарды кадимки режимде окутууга даярданууда

 

Бишкекте атайын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда, ошондой эле массалык мектептердин алдындагы коррекциялык класстарда окутууну кадимки режимде жандандыруу боюнча даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды кадимки режимде окутууну жандандыруу чечими кабыл алынган.

"Бардык санитардык шарттар Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын ишинде коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритмине ылайык көзөмөлдөнүүгө тийиш.

Балдардын ден-соолугун коргоо максатында аталган билим берүү уюмдарынын мугалимдери Бишкек шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимине ылайык, акысыз түрдө ПЦР-тесттен өтүштү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: