super.kg logo

Миграция, чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин биринчи отуруму өттү

 

Бүгүн, 15-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жетекчилиги менен миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңештин курамына парламент депутаттары, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева баштаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кирген.

Отурумдун ачылышында сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов аталган кеңеш биринчи кезекте чет өлкөдөгү мекендештер менен Жогорку Кеңеш жана башка мамлекеттик органдар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында түзүлгөнүн белгилеп, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коомдордун өкүлдөрү менен бирге тиешелүү демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.

"Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу органы катары миграциялык процесстерди жөнгө салуу багытында жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу менен аны ишке ашыруу алкагында жигердүү аракет көрүшү керек. Муну менен катар эл аралык макулдашуулар базасын кеңейтип, адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатында иш алып баруусу шарт", - деди Талант Мамытов.

Талкуу маалында чет өлкөдөгү мекендештердин актуалдуу көйгөйлөрү каралды. Анын ичинен Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү, жарандардын кайтуу жана учуу маселелерине тиешелүү уруксат документтери боюнча абал, андан сырткары, чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан кенемте төлөө маселелери талкууланды.

Отурум соңунда Талант Мамытов Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган жарандарды аталган тизмеден чыгаруу боюнча иштерди күчтөндүрүүнү, туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жигердүү улантууну жана аталган өлкөгө учуу тартиби тууралуу жарандарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Төрага отурумдагы мүчөлөрдү кеңештин ишине жигердүү катышууга чакырып, COVID-19 пандемиясы маалында калктын аялуу катмары катары мигранттар колдоого муктаж экендигине токтолду. Ошондой эле төрага мамлекет жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укук ченемдерине ылайык, мекендештерди колдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: