Чүй ОИИББ: "Ак-Жар конушунда митингге чыккан эл түшүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти"
Бишкек шаарынын Ак-Жар конушунда күн сайын электр жарыгынын өчүрүлүп жаткандыгынан улам митингге чыккан тургундар түшүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрь саат 18:00 чамасында Ак-Жар жаңы конушунун тургундары жеке электр энергиясынын күн сайын өчүрүлүшүнө нааразычылыгын билдиришип, айланып өтүүчү жолду жаап салышкан. Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге коомдук тартипти коргоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чыгышкан.
"Жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында чогулган тургундар тарап кетишти. Учурда Аламүдүн районунда абал туруктуу. Ал эми айланып өтүүчү жол ачык", - деп билдирет маалыматта.

